Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Жылдын мыкты тарбиячысы-2021» кароо-сынагынын жеңүүчүсү аныкталды

Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн окуу-усулдук каанасы тарабынан уюштурулган, “Жылдын мыкты тарбиячысы-2021” кароо-сынагы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды.

Кароо сынактын 1-этабы 2021-жылдын 4-июнунда Кочкор-Ата шаарындагы Н.Исанов атындагы жатак-гимназия мектебинде өтүп, анда жалпы 46 бакчанын тарбиячылары катышышып, 9 бакча кароо-сынактын 2-этабына жолдоно алышкан. 2-этабы учурдагы кырдаалга байланыштуу онлайн форматта өтүп, төмөнкү шарттар каралды: Видео-сабак (25 мүнөт); чыгармачылык отчет; мастер класс; эң мыкты көргөзмө курал; портфолио.

Жыйынтыгында 1-орун №14 “Нооруз” балдар бакчасынын тарбиячысы Жумагүл Умаровага, 2-орун №22 “Гулкайыр” балдар бакчасынын тарбиячысы Нуржан Нурдиновага, 3-орун №7 “Ак-Тилек” балдар бакчасынын тарбиячысы Дарыгүл Калдаровага ыйгарылды. Калган катышуучулар: Камалова Нурия (№ 18 “Чабалекей” б.б.) - “Мыкты сабак”, Султанова Рахат (№28 “Алтын-Уя” б.б.) -“Мыкты чыгармачыл”, Мирзаева Рано (№16 “Наристе” б.б.) “Мыкты көргөзмө курал”, Абдрашит кызы Айтурган (№2 “Ак-Куу” б.б.) - мыкты портфолио, Заирова Бермет (№33 “Жоогазын” б.б.) - мыкты интеллектуал, Жолдошева Мариам  (№45 “Наристем” б.б.) - жаштыгы жана келечектүүлугү номинацияларына ээ болушту.

Жеңүүчүлөр райондук билим берүү бөлүмүнүн, Билим жана илим кызматкерлеринин Ноокен райондук комитетинин диплому жана Ардак грамоталары, баалуу белектери менен сыйланышты.

 

Маалыматты даярдаган: Ноокен рай КБКнын тескөөчүсү Т. Бакиров