Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Жылдын мыкты санарип педагогу-2021” областтык кароосунун жеңүүчүлөрү аныкталды

2021-жылдын 18-июнунда Жалал-Абад областтык билим берүүнүн усулдук борборунун “Билим” залында “Жылдын мыкты санарип педагогу-2021” областтык кароосунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.

Аземди Жалал-Абад облустук билим берүүнүн усулдук борборунун директору А.Токтосунов ачып, “Жылдын мыкты санарип педагогу-2021”облустук кароосунун жеңүүчүлөрүн кызуу куттуктады.

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы А.Исмаиловда кароонун жеңүүчүлөрүн куттуктап, алардын жеңиши жеңил-желпи болбогондугун, областтагы миңдеген мугалимдердин арасынан 13 педагог мыкты деп табылганын, алар менен сыймыктана тургандыгын баса белгиледи.

Областтык комитеттин төрагасы 1-2-орундарга “Ысык-Көл”, 3-орунга “Ысык-Ата”, номинациялардын ээлерине “Жалал-Абад” санаториясына жолдомо менен сыйлап, жакшы эс алууларын каалады.

Жалал-Абад областтык кесиптик бирлик Кеңешинин төрагасы Э.Аглиулиндин атынан Өнөр жай, коммуналдык жана турмуш-тиричилик кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы Б.Калчаев куттуктап, “Ардак грамота” жана акчалай сыйлыктарын тапшырды.

Ардагерлердин атынан “Кыргыз Респубикасынын Ардактуу Аксакалы”, “Кыргызстан Профсоюзуна сиңирген эмгеги үчүн” төш белгисинин ээси, обкомдун уюштуруу бөлүмунүн башчысы А.Бегматов жеңүүчүлөрдү куттуктап, ак батасын берди.

“Жылдын мыкты санарип педагогу-2021” областтык кароосунун жеңүүчүлөрү Жалал-Абад облустук кесиптик бирлик Кеңешинине, Жалал-Абад областтык билим берүүнүн усулдук борборуна, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад  облустук комитетине ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад областтык КБКнын инспектору А.Айдаров