Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жылдын мыкты профсоюз уюму кароо сынагы.

Аксы районуна караштуу Кербен шаарындагы Т. Үметалиев атындагы жалпы билим берүү мектебинде Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында жарыяланган Жылдын мыкты профсоюз уюму-2020 деген кароо сынактын аймактык түрү болуп өттү. Калыстар тобунун төрайымы болуп райондук профсоюз комитетинин техникалык инспектору Өмүрбекова Мөөркан жетектеп, сынак жогорку деӊгээлде уюштурулду. Зонадан чыккан мектеп, бала бакчалар өз иштерин санариптештирүү жылына карата электрондук түрүн жана кагаз жүзүндө да көрсөтүп беришти. Жыйынтыгында мектептер арасында Т.Үметалиев мектеби мектептер арасында биринчи орун, Арча-Бешик бала бакчасы бала бакчалар арасында биринчи орунду камсыздашып, райондук турга жолдомо алышты.

Маалыматты даярдаган кесип бирлик төрайымы:Н.Сейдилова.