Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жылдын мыкты окуу бөлүмүнүн башчысы аныкталды

Ноокен райондук билим берүү бөлүмү, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитети тарабынан кесиптик чыгармачылыкты  өркүндөтүү  жана иш тажрыйбаларды жайылтуу максатында “Жылдын мыкты окуу бөлүмүнүн башчысы-2021” кароо-сынагы өткөрүлүп, жыйынтыгы чыгарылды.

Кароо-сынактын негизги максаты:

  1. Окуу бөлүм башчысынын усулдук иштерди жүргүзүүдөгү потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрүн ачуу жана аларды турмушка ашыруу үчүн шарт түзүү.
  2. Эң мыкты, талантуу, чыгармачылык менен иштеген, усулдук иштерди жогорку деңгээлде жүргүзө алган окуу бөлүм башчысын табуу, аларга колдоо көрсөтүү.
  3. Билим сапаты, предметтик олимпиада, ЖРТ көрсөткүчтөрүн көтөрүүдөгү иш-аракеттерин аныктоо.
  4. Окуу бөлүм башчысынын коомдогу кесиптик беделин көтөрүү.

Конкурска анын шартына ылайык окуу бөлүм башчысы кызматында 3 жылдан кем эмес эмгектенген, акыркы 5 жыл ичинде конкурстун жеңүүчүсү болбогон окуу бөлүм башчылары катышышты.

Анда 1-орунга Анаркулов атындагы №26 орто мектебинин окуу бөлүм башчысы Башихтинова Наргиза Нурматовна, 2-орунга Мирзаходжаев атындагы №29 орто мектебинин окуу бөлүм башчысы Садыкбаева Муножат Авазжановна, 3-орунга Жунусалиев атындагы №23 орто мектебинин окуу бөлүм башчысы Ажикулова Гүлүмкан Маматовна татыктуу болушту.

Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.К.Олжобаев жеңүүчүлөрдү куттуктоо менен алардын иш тажрыйбасын жайылтуу максатында райондук семинар уюштуруу зарылдыгын белгиледи.

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.К.Нышанов бул конкурстар жыл сайын салттуу түрдө өткөрүлүп келе жатканын жана кесиптик бирлик тарабынан жеңүүчү аталган мугалимдер такай сыйланып, эс алуулары уюштурулуп келе жаткандыгын баса белгилеп өттү.

Жеңүүчүлөр Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн дипломдору, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитетинин атайын белектери жана эс алууга жолдонмолору менен сыйланышты.

 

Маалыматты даярдаган: Ноокен райКБКнын инспектору Т.Бакиров