Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Жылдын мыкты мугалимим-2018» кароо-сынагы Кара-Суу районунда жыйынтыкталды

     2018-жылдын март айында « Жылдын мыкты мугалими -2018» кароо-сынагынын райондук этабы  болуп ɵттү. Кароо-сынакка  аймактардан жеӊүүчү  болгон 17 алдыӊы чыгармачыл мугалимдер  райондук этапка катышышты. 22-март күнү  канкурсанттар сабактарын ɵтүштү,  сабактарынан жогорку бал алган    10 канкурсант 23-март күнү  экинчи турда катышышып чен ɵлчɵмдɵр (критериялар) боюнча кароо-сынакты улантышты. Жыйынтыгында 132,2 бал  менен 1 орунга  И.Кулбаев атындагы орто мектебингин  орус тили мугалими  Жакыпова Жибек, 128,8 бал менен  Х.Мирзажанов атындагы орто мектебинин  кыргыз тили мугалими Абдимиталип  кызы Нуриза 2 орунду, 3 орунду 118,8 бал менен М.Сабиров жана  Э.Тельман  атындагы орто мектептеринин мугалимдери  Абдулазазова Дилдора менен  Батырова Наргүл ал эми 4 орунду 113,3 бал менен   К.Жакыпрв атындагы таланттуу балдар гимназия интернатынын физика мугалими Тойчиев Кубаттар жеӊип алышты. Кара-Суу райондук   мамлекеттик администрациясынын фондунан 1 орунду жеӊип алган И.Кулбаев атындагы  орто мектебингин  орус тили мугалими Жакыпова Жибекке   Кара-Суу райондук   мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Жороева Мехринса Ɵсɵровна 30 000 ( отуз миӊ) сомго сертификат тапшырды. Кара-Суу райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан 2 орунду жеӊип алган  Х.Мирзажанов  атындагы орто мектебинин кыргыз тили мугалими Абдимиталип кызы Нуриза  16 000( он алты миӊ) сомдук муздаткыч, 3 орунду жеӊип алышкан  М.Сабиров жана  Э.Тельман  атындагы орто мектептеринин мугалимдери  Абдулазазова Дилдора менен  Батырова Наргүл   кир жуучу машина, 4 орунду   К.Жакыпрв атындагы таланттуу балдар гимназия интернатынын физика мугалими Тойчиев Кубатка эл. духовка жана  кароо-сынакка   катышкан 12 канкурсанттарга  баалуу белектерди Кара-Суу райондук билим берүү, кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин тɵрагасы Жакыпов Памирбек  тапшырды.