Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

"Жылдын мыкты мугалими"

"Жылдын мыкты мугалими" сынагынын райондук этабы болуп өттү.Сынактын 1-этабы мектептерде өткөрүлдү,  Маданият үйүндө 2021-жылдын 2-апрелинде өткөрүлүп, жыйынтыгында 1-орунду Кызыл-Талаа негизги мектебинин математика мугалими Жалилов Манас, 2-орунду Асан Эшенкулов мектебинин башталгыч классынын мугалими Айдарова Назира, 3-орунду Гулбаар мектебинин математика мугалими Айдаркулова Жылдыз жана Мадамин Назаров мектебинин башталгыч классынын мугалими Мирзакаримова Нургул ээледи. Байгелүү орундарды ээлеген мугалимдерге Араван райондук билим берүү бөлүмү тарабынан "Диплом" жана Араван райондук билим берүү бөлүмүнүн кесиптик бирлигинин төрагасы Бакытбек Абдилатович тарабынан баалуу белектер тапшырылды.

 

 

 

Материалды даярдаган: Араван районунун профкомитетинин төрагасы Турдубаев Б.А.