Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Жылдын мыкты мугалими жана тарбиячысы – 2021» кароо-сынагы өттү

«Жылдын мыкты мугалими жана тарбиячысы-2021» кароо-сынагы Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмү Талас райондук, шаардык билим берүү тармактык профсоюз комитети менен биргеликте 2021-жылдын 25-апрелинен 27-апрелине чейин өткөрүлдү.

Бул сынакка 38 мектептин мугалими жана 20 бала бакчанын тарбиячылары катышышты. Кароо-сынак 3 тур менен өттү.

I турда сабактын фрагменти видео сабак аркылуу өткөрүлдү.

II тур педагогикалык тест менен аныкталды.

III тур педагогикалык чыгармачылыгын презентациялоо аркылуу жүргүзүлдү.

Кароо-сынак жогорку деңгээлде уюштурулду. Жеңүүчүлөр аныкталып, баалуу белектер сыйлоо аземи мугалимдердин кесиптик майрамында өткөрүлөрү белгиленди.

 

Маалыматты даярдаган: Талас райшаарпроф комитетинин төрайымы Ф.Батырбаева