Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Жылдын мыкты мугалими, тарбиячысы-2018” райондук кароо-сынагы

Мугалимдердин кесиптик дареметин көтөрүү, заманбап мугалимдерге болгон коомдун жакшы пикирин калыптандыруу, мугалимдин коом үчүн кошкон салымын көпчүлүккө жеткирүү жана билим берүү мекемесинде кесипкөй – чыгармачыл мугалимдердин өсүшү. Өзүн-өзү өнүктүрүүсү үчүн кесиптик жамаатта шарт түзүү иш- аракеттерине дем берүү максатында, 2018- жылдын 19-20- апрелинде “Жылдын мыкты мугалими, тарбиячысы- 2018” райондук кароо- сынагынын биринчи жана экинчи баскычы Покровка орто мектебинин базасында өткөрүлдү.

         Манас райондук билим  берүү  бөлүмү жана кесиптик бирлиги тарабынан  жобо иштелип чыккан. Кароо- сынак жободо жазылган критерийлер  боюнча өткөрүлдү. Сынакка бардык билим берүү мекемелеринин мугалим, тарбиячылары катышты. Жалпы район боюнча 7 мугалим, 4 тарбиячы катышты.

         Биринчи баскыч 19- апрелде өтүлүп, эки тапшырма ишке ашырылды. Биринчи баскычтын биринчи тапшырмасы” портфолио жактоо”, экинчи тапшырма “тест сынагы”. Б.Узенов атындагы орто мектептин мугалими Турсунова Салтанаттын портфолиосу эң жакшы деп бааланды. Тест сынагында Бала-Саруу, Покровка орто мектебинин жана Б,Узенов атындагы орто мектебинин мугалимдери 20 упай алышты. “Наристе” балдар- бакчасынын тарбиячысы Жээнкулова Бегайым  башка тарбиячыларга салыштырмалуу тесттен жогорку упайга ээ болду.  .

          Экинчи баскыч 20- апрелде өткөрүлдү. Сынак  “Сабак өтүү жана өзүн-өзү талдоодон” башталды, экинчи” Саламдашуу жана өзүн- өзү тааныштыруу”,  үчүнчүсү “Педогогикалык кырдаалдан чыгуу”, төртүнчүсү “Мастер класс” көрсөтүү. Кароо- сынакка  катышкан бардык мугалимдер жана тарбиячылар көргөзмөлүү сабак көрсөтө алышты. Кароо- сынактын жыйынтыгында төмөнкү мугалимдер, тарбиячылар байгелүү орундарга ээ болушту: Бала-Саруу орто мектептин мугалими Кунасова Эльмира биринчи орун, Б.Узенов атындагы  орто мектебинин мугалими Турсунова Салтанат экинчи орунду ээледи, Покровка орто мектебинин мугалими Сарыбаева Мунара үчүнчү орунга ээ болду. Байгелүү орундарды ээлеген мугалим , тарбиячыларга Манас райондук билим берүү кесиптик бирлиги тарабынан  акчалай сыйлыктар  жана биринчи орунду ээлеген мугалим , тарбиячыларга Ыссык-Көлгө эс алууга жолдомо берилди.. Биринчи орунду ээлегендиги үчүн Бала-Саруу орто мектебинин мугалими Кунасова Эльмирагага жана “Наристе” балдар- бакчасынын тарбиячысы Жээнкулова Бегаимга эки миң сомдон сыйлык берилди. Экинчи орунду ээлегендиги үчүн Б.Узенов атындагы орто мектебинин мугалими Турсунова Салтанат жана “Бакыт” балдар бакчасынын тарбиячысы Сатишева Айнура бир жарым миң сомдон сыйлыкка ээ болушту, ал эми үчүнчү орунду ээлегендиги үчүн Покровка орто мектебинин мугалими Сарыбаева Мунара жана “Ай Сезим” балдар- бакчасынын тарбиячысы Эмильбай кызы Гульназ миң сомдон сыйлыкка ээ болушту. Жеңүүчүлөр жана байгелүү орунду алган мугалим,  тарбиячыларга салтанаттуу түрдө грамоталар, сыйлыктар тапшырылды, ал эми орун албай калган мугалимдерге ыраазычылык барактары тапшырылды.

Манас райондук билим берүү

бөлүмүнүн башчысы:                                                                   З.Маркашов.