Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Жылдын мыкты мугалими -2024”

Кадамжай райондук билим берүү бөлүмү тарабынан окутууда заманбап билим берүү технологияларын жана ыкмаларын пайдалануу боюнча натыйжалуу тажрыйбага  ээ таланттуу, чыгармачыл педогогдорду аныктоо максатында уюштурулган “Жылдын мыкты мугалими-2024” кароо-сынагынын райондук туру болуп өттү.

“Жылдын мыкты мугалим -2024” кароо-сынагын Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ж.О.Орозбаев жана Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Кадамжай райондук комитетинин төрагасы А.Ю.Момошов мугалимдерге жакшы каалоо-тилектерин айтышты.

Кадамжай районундагы жалпы билим берүү мекемелеринин аймактык турунан өткөн (жаңы жобого ылайык) 18 мектептин “мыкты мугалимдери” райондук турдун тапшырмаларын чыгармачылык менен көрсөтө алышты.

“Жылдын мыкты мугалими-2024” кароо-сынагынын “Жылдын эң мыкты мугалими” номинациясын Үч-Коргон жалпы билим берүү орто мектебинин башталгыч класс мугалими Юнусова Лола Вахитбековна, 1-орунду камсыз кылган  “Жийделик” толук эмес орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими Э.Юлдашева байгелүү орундарга ээ болушту.

Кароо-сынактын бардык конкурсанттарына Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Кадамжай райондук комитети тарабынан Ардак грамоталар, баалуу сыйлыктар ошондой эле Ыссык-Көл жээгине эс алууга жолдомо тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган:  Кесиптик бирликтин Кадамжай  райондук комитети