Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Жылдын мыкты мугалими-2024» кароо-сынагы

2024-жылдын 14-15-март күндөрү Кара-Суу районунда «Жылдын мыкты мугалими-2024» кароо-сынагынын райондук этабы өткөрүлдү.

Кароо-сынакка 33 предметтик мугалим катышып, жыйынтыгында Н.Примбердиев атындагы орто мектебинин мугалими I орунга Мурзакарим кызы Элиза, II орунга №46 С.Маматов атындагы орто мектебинин мугалими Апсаматова Дилфуза, №33 III Интернационал орто мектебинин мугалими Жусупбаева Гулзина, III орунга №105 Т.Алимбеков атындагы орто мектебинин англис тили мугалими Ашимжанова Малика, №101 К.Момбекова атындагы орто мектебинин информатика мугалими Махаматжан кызы Айпери татыктуу болду.

Кароо-сынактын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышкан мугалимдер Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмү менен райондук кесиптик бирлик комитети тарабынан ардак грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланышты.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Кара-Суу райондук комитети