Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Жылдын мыкты мугалими-2018” МЫКТЫНЫН МЫКТЫСЫ ТАНДАЛДЫ

Жалал-Абад областынын Кара-Көл шаарында жыл сайын салтка айланган “Жылдын мыкты мугалими” сынагы быйыл 30-31-март күнү болуп өттү.

Сынакка Токтогул атындагы №1-мектеп-гимназиясынын англис тилчи мугалими Күйпиева Меис  Райымкуловна, Фрунзе атындагы №3-орто мектебинин  кыргыз тили жана адабияты мугалими Мирзараим кызы Улара, Шопоков атындагы №4-орто мектебинин математика мугалими  Көлбаева Бакен Абдыбаповна, Хуриев атындагы №5-орто мектебинин  башталгыч классынын мугалими Нурманбетова Жыргал Эргешовна  жана Темиров Туралы атындагы №6-орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Көкүмбаева Айзада Орозбаевналар катышышты.

Мугалимдин чеберчилигин аныктоочу критериийлер-педагогдук чеберчилик менен интерактивдүү усулдарды колдоно билүү, сүйлөө маданияты, дикциясы, сабаттуулугу, образдуулугу, өзүн алып жүрүүсү, сабактын компетенттүүлүк багытталышы,  сабакта ар түрдүү маалымат булактарынан чебер пайдаланышы, окуучулардын материалды өздөштүүрүүсү, активдүүлүгү, кайтарым байланыштын болушу, бирдей мүмкүнчүлүк чөйрөсүн түзүү  окуучулардын толук жана жекече муктаждыгын эске алуусу, баалоонун түрлөрү болуп отуруп,  сабактын натыйжалуулугун камсыздоо болчу.

Жогорудагы талаптарга ылайык ар бир мугалим 20 -25 минута сабак өттү. Экинчи күнүшоу программасы “Энергетик” маданият үйүндө болдуп, мында ар бир мугалим  мугалимдин педагогикалык партфолиосу, “Жаңы доорго 40 кадам” программасын ишке ашыруу боюнча  менин сунушум” деген  темада риторикалык чеберчилигин көрсөтүү, “2018-жыл—Аймактарды өнүктүрүү” жылына карата эссени китепче түрүндө жазып тапшыруу, сынакка катышуучунун жеке хоббиси боюнча күч сынашты.

Натыйжада сынактын бардык талаптары боюнча  калыстар тобу  адилет жана калыс баа беришип жеңүүчү аныкталды. Ошентип,  өзүнүн мугалимдик чеберчилигинин, изденүүчүлүгүнүн, өз алдынча жаңыча ыкмаларды таап колдоно билгендиги, табигый шык-жөндөмү, педагогдук чеберчилигинин деңгээли боюнча Токтогул атындагы №1-мектеп-гимназиясынын англис тилчи жаш мугалими эң жогорку баллга татыктуу болуп “Жылдын мыкты мугалими – 2018” номинациясынын ээси болсо, №3-орто мектептин келечегинен көптү үмүттөндүргөн жаш мугалими Мирзараим кызы Улара 1-орунга татыктуу болду. Экинчи орунга №4-орто мектебинен  Көлбаева Бакен Абдыбаповна жана Хуриев атындагы орто мектептин мугалими Нурманбетова Жыргал Эргешовналар, Темиров атындагы орто мектептин  мугалими Көкүмбаева Айзада Орозбаевна 3-орунга татыктуу болду.

Сынактын жүрүшүндө  катышкан бардык мугалимдер өздөрүнүн заманбап деңгээлге умтулуп, жаңычылдык менен улам алга илгерилеп изденип иштеп жатышкандыктарын көрсөттү. Шаардык билим берүү бөлүмү, профсоюздун шаардык комитети ардак грамоталар, баалуу белектер, акчалай сыйлыктар менен катышуучуларды сыйлады.

Биз сынакка катышкан бардык мугалимдерге   педагогдык ардактуу кесибинде чоң-чоң бийиктиктерди, жеңиштүү жашоо, жемиштүү ийгиликтерди каалайбыз.

А. К. КАРАКОЗУЕВА,

ШБББнүн кесиптик бирлигинин

төрайымы