Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ БАШТАПКЫ КЕСИПТИК БИРЛИК УЮМУ” КАРОО-СЫНАГЫ БОЛУП ӨТТҮ.

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитетинин 2020-жылдын иш планына ылайык «Жылдын мыкты баштапкы кесиптик бирлик уюму» райондук кароо-сынак онлайн режиминде өткөрүлдү. Кароо-сынак профсоюз уюмдарынын кадыр-баркын көтөрүү, профсоюз уюмдары тарабынан аткарылып жаткан иштерди жалпыга жеткирүү, райондун мектептеринин жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрагаларынын билим сапатын, интеллектуалдык деңгээлин көтөрүү максатында уюштурулган. Кароо-сынактын райондук туруна алдыңкы 7 баштапкы кесиптик бирлик уюму тандалып алынып, алардын ишмердүүлүгү жана иш кагаздары калыстар тобу тарабынан атайын даярдалган критерийлер боюнча бааланып,  байгелүү орунду ээлеген “Алтын балалык” балдар бакчасынын, Б.Ходжаев атындагы орто мектебинин, Б.Байназаров атындагы башталгыч мектебинин баштапкы уюмдары райондук комитеттин дипломдору, баалуу сыйлыктары менен, ал эми “Жеткинчек”, “Келечек”, “Бала нур”,  “Кайыңды”  балдар бакчаларынын баштапкы уюмдары кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланды.

Баткен РПКнын жетектөөчү адиси  Б.Абдыразакова