Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ЖЫЛДЫ ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРГАН ПРЕЗИДИУМ БОЛУП ӨТТҮ

2021-жылдын 29-январында билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитетинин жыл жыйынтыгын чыгарган президиумунун кезектеги отуруму болуп өттү. Отурумга Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин төрагасы З.Бөтөков, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары К.Кыдырова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы О.Мажилимов, президиум мүчөлөрү жана чакырылгандар катышты. Отурумдун күн тартиби:

  1. Билим берүү  кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен райондук комитетинин 2020-жылдагы ишинин жыйынтыктары жана 2021-жылга белгиленген милдеттер жөнүндө.
  2. Билим берүү  кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен райондук комитетинин 2021-жылга перспективалуу иш планы тууралуу.
  3. Билим берүү  кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен райондук комитетинин 2021-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө.
  4. 2020-жылдагы мыкты социалдык өнөктөштөрдү жана мыкты балдар бакчалары сыйлоо.

Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетинин төрагасы А.Зайитов баяндама жасады. Төрага А.Зайитов 2020-жылдагы аткарылган иштер жана өткөрүлгөн иш-чаралар боюнча слайд аркылуу кеңири баяндама жасады. Баяндамада 2020-жылы коронавирус пандемиясынын учурунда он-лайн режиминде  өткөрүлгөн семинарлар, иш-чаралар, усулдук жардамдар жана турмуштук шарты оор профсоюз мүчөлөрүнө көрсөтүлгөн материалдык жардамдар жөнүндө жеткиликтүү маалыматтар берилди.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жарыяланган “2020-жыл – Региондорду өнүктүрүү,  өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына” карата “Профсоюз - балдарга” акциясы өткөрүлүп, райондун билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлердин арасынан мүмкүнчүлүгү чектелүү   кызматкерлердин 26 балдарына 16 400 сомдук моралдык колдоолор     көрсөтүлгөндүгүнө токтолду.

Отурумдун күн тартибиндеги бардык маселелер катышуучулар тарабынан кеңири талкууга алынып, тийиштүү токтомдор кабыл алынды.

Мыкты социалдык өнөктөштөргө жана мыкты балдар бакчаларына баалуу белектер тапшырылды.

Отурумдун жүрүшүндө жарыш сөзгө чыгып сүйлөгөндөр   билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитети тарабынан аткарылган иштерди жогору баалашып, терең     ыраазычылыктарын билдиришти.

Билим берүү   кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин  Баткен райондук комитети