Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жыл жыйынтыкталып, жаӊы милдеттер белгиленди

     2017-жылдын 15-декабрында билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалла-Абад обкомунун кезектеги президиуму өткөрүлдү.

     Президиумга бардык райондук, шаардык комитеттердин, обкомго түз баш ийген баштапкы уюмдардын төрагалары, «Тармактагы адептүүлүктү жана укуктук маданиятты жогорулатуу боюнча иштерди мыкты уюштургандык» Республикалык кароо-сынагынын облустук турунун жеӊүүчүлөрү чакырылды.

   Кщн тартиби:

  1. «Тармактагы адептүүлүктү жана укуктук маданиятты жогорулатуу боюнча иштерди  мыкты уюштургандык» республикалык кароо-сынагынын облустук турунун жеӊүүчүлөрүн сыйлоо жөнүндө.

 

  1. Жалал-Абад  облусунун  Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондорунун жалпы билим берүү берщүүчү уюмдарында Кыргыз Республикасынын «Эмгекти коргоо жөнүндөгү» мыйзамынын аткарылышы жана профсоюздун райкомдору тарабынан көзөмөлдүк жүргүзүүсү жөнүндө.

 

  1. Обкомдун 2018-жылга иш-планын жана 2018-2021-жылдар үчүн перспективалык планын бекитүү жөнүндө.

 

  1. Аймактык профсоюздук уюмдардын (райшааркомдордун) ишмердүүлүгүн баалоо боюнча Жобосун бекитүү жөнүндө.

 

  1. Ар түрдүү маселелер.

 

     Президиумду обкомдун төрагасы     А.Исмаилов ачып, жогорудагы күн тартибин сунуштады.

     Алгач 2017-жылда жарыяланган кароо-сынактын жыйынтыгы боюнча калыстар тобунун жеӊүүчүлөрдү аныктаган корутундусунун негизинде президиумдун токтому жыйындын катышуучуларына тааныштырылды.

     Ага ылайык мектептер арасында Сузак районундагы «Манас» орто мектебинин профсоюздук уюму (директору А.Сулайманова, профкомдун төрайымы А.Боркошова) 1-орунду ээлегендиги үчүн I даражадагы диплом жана баалуу белек менен сыйланды.

     Мектепке чейинки билим берүү уюмдары (балдар бакчалары) боюнча   1-орунду ээлегендиги үчүн Ноокен районундагы №26 «Ак Шоола» балдар бакчасынын профсоюздук уюму (директору К.Мурашова, профсоюздук уюмунун төрайымы Абишова Нурийла Маматкадыровна) I даражадагы диплом жана баалуу белек менен сыйланды.

     Ноокен районундагы №15 Беки уулу Семетей атындагы орто мектептин профсоюздук уюму (директору Б.Арапбаев, профкомдун төрайымы А.Толтоева) 2-орунду ээлегендиги үчүн II даражадагы диплом жана баалуу белек менен сыйланды.

     Кара-Көл шаарындагы №4 Д.Шопоков атындагы орто мектептин профсоюздук уюму (директору Р.Бердигулова, профкомдун төрайымы М.Мадышова) 3-орунду III даражадагы диплом жана баалуу белек менен сыйланды.

     Аксы районундагы №34 Мешков атындагы орто мектептин профсоюздук уюмунун (директору К.Алибекова, профкомдун төрайымы С.Атамкулова) активдүү катышкандыгы үчүн «Ардак баракча» жана баалуу белек менен сыйланды.

     Чаткал районундагы Ленин атындагы жатак-мектебине (профкомдун төрайымы Б.Жакыпбекова) спорт шаймандары жана телевизорлор тапшырылды.

     Сыйлыктарды обкомдун төрагасы А.Исмаилов тапшырып, 2018-жылда мыкты ийгиликтерди жаратуу боюнча күжүрмөндүүлүк менен иштөө зарыл экендигин белгиледи.

     Мындан тышкары профсоюздун Токтогул райкомдун төрагасы Т.Исраилов Кыргызстан Профсоюздар Федерациясынын «Ардак Грамотасы», профсоюздун Тогуз-Торо райкомунун төрагасы З.Ажыбаев профсоюздардын Жалал-Абал областтык Кеӊешинин «Ардак Грамотасы» менен сыйланышты.

     Президиум күн тартибиндеги маселелер каралып, кызуу талкуулардан кийин, токтомдор кабыл алынды.

     Жыйындын ишин обкомдун төрагасы А.Исмаилов алып барды жана 2018-жылдагы милдеттер боюнча кеӊири сөз сүйлөдү.

Обкомдун уюштуруу бөлүмү