Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жыл жыйынтыгындагы областтык семинар

     2017-жылдын соӊунда «Тарбиялоонун азыгы - улуттун маданий казынасында»- деген темада Ысык-Көл областынын  Ак-Суу районундагы  Ж.Алышбаев атындагы орто мектебинде областтык семинар өткөрүлдү.

      Семинарга областтык ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн бөлүм башчысы Бактыгүл Исакова, областтагы райондук администрациялардын, Балыкчы, Каракол шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү, билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, Ак-Суу районунун мектеп директорлору, профкомдор  катышышты.

      Өтүлгөн семинардын негизги максаты- кыргыз элинин материалдык  жана руханий маданияты, баалуулуктары боюнча жаңы маалыматтарды берүү, окуучуларды улуттук маданиятты салттуу алып жүрүүчү инсан катары калыптандыруу, өз элинин тарыхын, каада-салтын барктап нарктоого тарбиялоо болду.

      Семинардын жүрүшүндө 11-классста- «Манас насааты-турмуш сабагы», 9-класста- «Кыдыр аке-журт атасы»,  4-класста- «Бешикке бала салуу каада-салты» деген темаларда ачык сабактар өтүлүп, катышуучулар мектептеги музей менен таанышышты.

      Соңунда семинарды жыйынтыктап каалоо-тилек, сунуш-пикирлер айтылып, окуучулар тарабынан катышуучуларга чакан концерт тартууланды.

 

                                                    Айжан Төрөева,

Ак-Суу райондук профсоюз комитетинин башкы адиси