Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жыл жыйынтыгы чыгарылды

    2018-жылдын 17-январында Билим берүү кызматкерлеринин Өзгөн райондук профсоюз комитетинин жыл жыйынтыгын чыгарган Пленуму болуп өттү. Пленумга Пленум мүчөлөрү менен бирге текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү  жана баштапкы профсоюз уюмунун төрага төрайымдары чакырылды. Пленумда Өзгөн РПКнын төрагасы И.Мырзамидинов  «Үч тараптуу макулдашуунун негизинде кызматкерлерге социалдык жеӊилдиктерди көрсөтүүнүн  абалы жана билим берүү  кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетинин   2017-жылы алып барган иштери»  жөнүндө доклад жасап, слайд аркылуу кеӊири маалымат берди. Слайдда негизинен айыл өкмөттөрү тарабынан жаш адистерге жөлөк пулдардын төлөнүүсү, билим берүү кызматкерлерине көрсөтүлгөн материалдык жардамдар, кызматкерлердин ден-соолуктарын чыӊдоо жана аларды эс алдыруу, өткөрүлгөн иш-чаралар жөнүндөгү маалыматтар көрсөтүлдү.

2017-жылы «Тармактагы адептүүлүк жана укуктук маданият» жылына карата  билим берүү кызматкерлеринин райондук профсоюз комитети тарабынан

1. «Жылдын  мыкты  профсоюз  уюму  - 2017»

2. «Жылдын  мыкты  эс  алуу  каанасы» 

3. «Жылдын  мыкты  өнөктөш  директору - 2017»

4. «Жылдын  мыкты  өнөктөш  айыл  өкмөтү - 2017»

кароо-сынактары жарыяланып, жарыяланган кароо-сынактарды өткөрүү боюнча РПК тарабынан атайын комиссия түзүлүп, жыйынтыгы чыгарылды. Кароо-сынактардын жеӊүүчүлөрүн билим берүү кызматкерлеринин райондук профсоюз комитети Диплом, вымпель жана баалуу белектер менен сыйлады.  

 

                    «Жылдын  мыкты  профсоюз  уюму  - 2017»

   I орун: Т.Асранов атындагы орто мектебинин баштапкы профсоюз уюму.

   «Жылдын мыкты өнөктөш айыл өкмөтү-2017» наамынын ээси Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Курманкулов Раимберди мындан ары да билим берүү кызматкерлерине социалдык жеӊилдиктерди жана колдоолорду көрсөтө бере тургандыгын айтып, ошону менен бирге  райондук профсоюз комитетинин ишине ийгиликтерди каалап, өз ыраазычылыгын билдирди. 

      Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетинин Пленуму 2018-жылы үч тараптуу макулдашуунун жана келишимдердин талаптарын ишке ашыруу, өнөктөштүктү өнүктүрүү, кызматкерлерге социалдык колдоо көрсөтүү, эмгек укуктарын коргоо боюнча иштерди жылдык иш планына киргизүү  менен аткарууга алууну көздөй тургандыгын белгиледи.

                              Өзгөн райондук профсоюз комитети