Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жыл жыйынтыгы чыгарылды

Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитети 2015-жыл ичинде аткарылган иштеринин жыйынтыгын үстүбүздөгү жылдын 18-февраль күнүн чыгарып, ал иш-чаарага Борбордук профсоюз комитетинин төрагасы А. Токтогулов, КР Өкмөтүнүн Ош облустук өкүлчүлүгүнүн башчысынын орун басары Б. Юсупов жана ошондой эле райшаар, окуу жайлардын профактивисттери, сыйлык ээлери жана окуу жайлардын ректорлору райшаар билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары катышышты.

     ОПКнын аткарган иштери жөнүндөгү маалымат видеоролик катары тааныштырылды. ОПКнын төрагасы С. Тойгонбаев иш-чаараны ачып, сөздү БПКнын төрагасы                          А. Токтогуловго берди. Ал сөзүн профсоюздун алдындагы милдеттери, багыттары жөнүндө, эмнелерге көӊүл буру керек, социалдык өнөктөштөр менен биргеликте, ынтымактыкта иш алып бара турган болсок саясий да, экономикалык да стабилдүүлүк сакталып, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө шарттар түзүлүп, өз салымыбызды кошкон болобуз деп абдан мани-маӊыздуу сөзүн аяктады. Андан кийин А. Тотогулов сыйлык ээлерине «Билим, илим профсоюз кыймылынын мыктысы» тъш белгилерин, БПКнын «Ардак Грамоталарын», ошондой эле Өзгөн районундагы М.Разаков атындагы Мырза-Аке жетим балдар мектеп-интернатынын директоруна балдардын эс алуу бөлмөсүнө плазмалуу телевизорду салтанаттуу тапщырды.

     КР Өкмөтүнүн Ош облустук өкүлчүлүгүнүн «Ардак Грамотасы» менен сыйлангандыгы үчүн С. Тойгонбаевди куттуктап Б. Юсупов тапшырды. 2015-жылдын мыкты өнөктөшү номинациясына окуу жайлар арасында ОшМУ, райшаарлар арасында Өзгөн райондук билим берүү бөлүмү, мыкты профсоюз комитети номинациясына окуу жайлар арасында ОшМУнун бириккен профсоюз комитети, райшаарлар арасында Кара-Суу РПК татыктуу болуп дипломдор, баалуу сыйлыктар менен сыйланышты. С. Тойгонбаев ОПКнын «Ардак Грамоталарын» жана баалуу белектерди сыйлык ээлерине тапшырды.

 

Ош областтык профсоюз комитети.