Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жыл жыйынтыгы боюнча президиум

Жакында билим берүү кызматкерлеринин Ак-Суу райондук профсоюз комитетинин жыл  жыйынтыгы боюнча президиуму болуп өттү.

Жыйынга райондогу билим берүү мекемелеринин баштапкы профсоюз уюмунун профкомдору жана тиешелүү адисттер катышышты.

Президиумда райондук профсоюз комитетинин төрагасы Э.Садабаев жаӊыдан шайланган баштапкы профсоюз уюмунун төрагалары менен тааныштырып алардын алдыдагы иштерине ийгиликтерди каалады. Андан кийин ал 2017-жыл ичинде аткарылган иштер жана жаӊы жылдагы алдыга коюлган милдеттер жөнүндө кеӊири маалымат берди.

Андан кийин иш-чара суроо-жооп иретинде жүргүзүлдү

Президиумдун катышуучулары райондун билим берүү мекемелериндеги төмөндөгүдөй көйгөйлүү маселелер боюнча өз пикирлерин айтышты.

Алсак: -мектеп мугалимдеринин, бала бакча тарбиячыларынын билимин  өркүндөтүү курстарына баргандагы командировкалык чыгымдары убагында төлөнбөгөндүгү;

-бийик тоолуу аймака  кирбеген жерлердеги балдарга төлөнүп жаткан жөлөк пулдардын аз  болуп жаткандыгы;

-мугалимдердин пенсиясы, эмгек акысы  аз экендиги;

-бала бакчаларда иштеген медиктердин стажысы эсептелбей, алынып салынгандыгы,  ж.б.у.с. суроолорду ортого салышып,  райондук профсоюз комитетинин төрагасы  бул суроолорго тиешелүү жоопторду берди.

Жогорудагы маселелер боюнча райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Темиралиев менен макулдашуунун негизинде жакынкы убакта билим берүү мекемелеринин директорлору, профкомдору жана бухгалтерлери катышкан чоӊ жыйын жана семинар өткөрүү маселеси каралды.

Билим берүү мекемелериндеги баштапкы профсоюз уюму, билим берүү мекемесинин администрациясы жана айыл өкмөтү ортосундагы түзүлгөн үч тараптуу келишимдин аткарылышы жана ага болгон өзгөртүү, алымча-кошумчаларды кароолору сунушталды.

Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде профсоюз бурчун, мектептерде эс алуу бөлмөсүн жаӊылоо жана уюштуруу боюнча кеңештер берилди.

Президиумдун соӊунда райондук профсоюз комитетинин төрагасы райондун билим тармагынын жалпы кызматкерлерин, профсоюз мүчөлөрүн жана профкомдорду жаӊы жылы менен куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалады.

 

                                                                                       Гүлбара Чыныбаева ,

Ак-Суу районундагы М.Мамакеев атындагы орто мектебинин профкому.