Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Жыл мугалими – 2017» кароо-сынагы жыйынтыкталды

«Жыл мугалими – 2017» кароо-сынагы жыйынтыкталды

 

     2017-жылдын 4-5-апрель күндөрү Өзгөн районундагы К. Рысбаев атындагы орто мектебинин жана М. Разаков  атындагы жетим жана ата-энесинен кароосуз калган балдардын мектеп-интернатында мугалимдер арасында «Жыл мугалими – 2017» кароо-сынагынын райондук этабы өткөрүлүп, жеӊүүчүлөр аныкталды.

    «Жыл мугалими – 2017» кароо-сынагынын райондук этабына 3 аймактан  I, II, III орундарды ээлеген 9 мугалим катышып, өз чеберчиликтерин, таланттарын көрсөтүштү. Кароо-сынакта мугалимдердин сабак өтүү жөндөмдүүлүгү, педагогикалык, психологиялык билимдери жана билим берүү тармагына тиешелүү мыйзамдарды өздөштүрүүсү боюнча тесттик суроолор, тез ойлоп тапкычтык жөндөмдөрү жана өзүнүн педагогикалык иш-тажрыйбасын, чеберчилигин, талантын, жөндөмүн, камтыган презентациясынын негизинде бааланып жыйынтыгы чыгарылды.

     Быйылкы «Жыл мугалими – 2017» кароо-сынак өткөн жылдардан айырмаланып тесттик, тез ойлоп тапкычтык жөндөмүн баалоо боюнча суроолор компьютер аркылуу алынып, ар бир катышуучу канчалык деӊгээлде суроолорго жооп бергендиги дароо өзүнүн катышуусу менен жыйынтыгы чыгарылгандыгы, ачык-айкындуулугу  менен айырмаланды.

 

       «Жыл мугалими – 2017» кароо-сынагынын райондук этабында Т. Асранов атындагы орто мектебинин тарых мугалими Көчкөнбаева Жумагүл - I орунга, 

К. Раимбеков атындагы мектеп-гимназиясынын тарых мугалими  Апарханов Медербек - II орунга, К. Рысбаев атындагы орто мектебинин башталгыч класстын мугалими Жаныбекова Толгонай - III орунга ээ болушту. Кароо-сынактын жыйынтыгына Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы И. Дуйшеев, билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетинин төрагасы И. Мырзамидинов жолдоштор катышып, куттуктоо сөз сүйлөп, Ардак грамоталарды тапшырышты. Ошондой эле берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетинин төрагасы И. Мырзамидинов «Жыл мугалими - 2017» кароо-сынакта I, II, III орундарга жетишкен жеӊчүлөргө жана сынактын  райондук этабынын бардык катышуучуларына баалуу белектерди тапшырды.

 

   Сынактын катышуучуларына мындан ары атаандаш эмес педагогикалык кызматташ, пикирлеш болуп, райондо чыгармачыл мугалимдердин тобун толуктоо тилегин билдирди. 

 

Балдар менин бар байлыгым, мол бактым,

Балдар менен өткөн өмүр -  гүл  өмүр.

«Саламатпы,  агай!» деген  сөз  үчүн,

Мен мектептен кетким келбейт бир өмүр.