Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Жыл мугалими - 2017” сынагын өткөрүү жөнүндө

       Панфилов райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюздук комитети райондук билим берүү бөлүмү менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен кабыл алынган "Ыйман, адеп  жана маданият" жылына карата билим берүү мекемелеринин арасында  "Жылдын мыкты мугалими 2017-жыл" сынагы  өткөрүлдү. Сынакка 10 мектептин мугалимдери катышып, сынак ΙΙΙ турга бөлүндү. I турда КР мыйзамдык базаларынан, педагогика, психология, предметине байланышкан суроолор камтылган тесттик тапшырмалар,  адистик чеберчилиги, чыгармачылыгын аныктоого багытталган мастер класстык тапшырмалар болду.  IΙ турда 45 минутадан турган сабактар өткөрүлдү. Ал эми жыйынтыктоочу III турда тапкычтыгы, таланты, өнөрү, чыгармачылыгы менен өзгөчөлөнгөн мугалимдер  бири – бирине атаандаштыкты жаратышты. Жыйынтыгында Жумагулов атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Ι орунга ээ болуп, облустук “Жыл мугалими - 2017” сынагына катышууга укук алды. Сынактын жеңүүчүлөрүн жана катышуучуларын Панфилов райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюздук комитети тарабынан баалуу белектер жана мактоо баракчалары,  райондук билим берүү бөлүмү тарабынан акчалай сыйлыктар, мактоо баракчалары менен сыйланды.

Панфилов райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Өзүбекова Н.А.