Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жыл жыйынтыктоо иш-чарасы

2023-жылдын 27-декабрында Ысык-Көл областынын Кызыл-Суу айылында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жети-Өгүз райондук  комитетинин 2023-жылды жыйынтыктоо иш чарасы өткөрүлдү.

Иш-чарага Жети-Өгүз райондук билим берүү бөлүмүнүн  башчысы М.Асанкожоев, Билим  жана илим кызматкерлеринин  Жети-Өгүз райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Ө. Молдокматов жана мектеп, мектептен тышкаркы жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын баштапкы  кесиптик бирлик уюмдарынын төрага- төрайымдары катышышты.

Иш чаранын  жүрүшүндө Жети-Өгүз райондук билим берүү бөлүмүнүн  башчысы М.Асанкожоев кесиптик бирлик уюмдарын келе жаткан жаңы жыл менен куттуктап, 2023-жылда билим  жана илим кызматкерлеринин райондук  кесиптик бирлик комитети менен биргеликте аткарылган иштер  боюнча маалымат берип, билим берүү кызматкерлеринин мыйзамдык укуктарын коргоодо, билим берүү кызматкерлеринин ишин стимулдаштыруу, сыйлыктарга көрсөтүү ишинде, ошондой  эле билим берүү кызматкерлеринин жана окуучулардын эс алуусун уюштуруу боюнча алгылыктуу иштер аткарылгандыгын баса белгиледи.

Билим  жана илим кызматкерлеринин  Жети-Өгүз райондук  кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Ө. Молдокматов кесиптик бирликтин 2023-жылда аткарылган иштери жана 2024-жылдагы аткарыла турган иштер боюнча маалымат берди.

Иш-чарада кесиптик бирлик уюмдарынын, кесиптик бирлик кыймылынын өнүгүшүнө салым кошкон билим берүү кызматкерлерге «Билим жана илим  профсоюзунун мыктысы» төш белгилери  жана райондук кесиптик бирлик комитетинин  Ардак грамоталары тапшырылды.

Эмгек акы алып иштебеген  мектеп, мектептен тышкаркы жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кесиптик бирлик комитеттеринин төрага, төрайымдарына жаңы жылдык белектер тапшырылып, сый тамак  жана   концерттик программа уюштурулду.

 

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Жети-Өгүз райондук комитети