Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жыл жыйынтыгын чыгаруучу Президиумунун отуруму.

Жыл  жыйынтыгын  чыгаруучу  Президиумунун  отуруму.

Ош  ОПКнын 2019-жылдын  жыйынтыгын  чыгаруучу  Президиумунун  отуруму  2020-жылдын  22-январында  болуп өттү.

  Отурумда  ОПКнын  былтыркы  жылда  аткарган иштери  жөнүндө  С.Тойгонбаев  баяндама  жасап  жетишилген  ийгиликтерге   жана  кемчилдиктерге  токтолуп,  аткарылбай калган  иштерди,  кемчилдиктерди   быйыл жоюунун  үстүндө  иш  алып  баруунун  багыттарын  белгиледи. үстүбүздөгү жылы мамлекетибиз  тарабынан кабыл алынган  «Аймактарды  өнүктүрүү, өлкөнү  санариптештирүү жана  балдарды колдоого алуу» жылына   карата  балдардын  жайкы  эс алуусун  уюштурууда  турмуш шарты  оор,  социалдык  жактан  камкордукка  муктаж  үй-бүлөөлөрдүн  балдарын тартууну  биринчи планга  коюуну  эске салды.

2020-жыл үчүн  ОПКнын  иш планы  жактырылып, бекитилди.  Отурумда  дагы  башка  тийиштүү  маселелер каралып, токтомдор  кабыл алынды,

Отурумдун  2-бөлүгүндө  «Жылдын мыкты райондук комитети»  деп табылган  Ноокат, Араван РПКры, ОГПинин  бириккен профсоюз  комитети   окуу  жайлар арасында  мыкты  деп табылып Дипломдор, жана  белектер  менен  сыйланышты.  Баштапкы  профсоюз  уюмдарынын  алдың

кыларына, активисттерине да Ардак  грамоталар тапшырылды.

Социалдык   өнөктөштөр болгон   РайБББнын башчылары, тармактын  кызматкерлерине  материалдык    жактан  көмөк  көрсөтүп жаткан  ар бир райондон  бирден   алдынкы айыл аймактардын  башчылары  чакырылып,  ОПКнын  Дипломдору  жана  баалуу  белектер ыйгарылды.  өнөктөштөр  өз сөздөрүндө  профсоюз менен  багыттары  бир, окуучуларга  терең билим  берүү  экендигине, анын үчүн  мугалимдерибизди   социалдык  колдоого алуу керектигин,  мындан ары  дагы  жакындан жардам  көрсөтүшөөрүн  баса  белгилешип, профсоюзга  карата  жылуу  көз караштарын  билдиришти.

Президиумдун   отуруму иштиктүү  өткөндүгү  белгиленди.

                                                                                                   Ош ОПК.