Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРУУЧУ ПРЕЗИДИУМУНУН ОТУРУМУ БОЛУП ӨТТҮ

Билим  жана илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун  Кадамжай  райондук  комитетинин   президиуму 2020-жылдын 5-февралында болуп өттү. Президиумга райондук комитеттин мүчөлөрү, билим  жана  илим  кызматкерлеринин  Кадамжай  райондук комитеттин төрагасы,  райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы,  мектептердин жана балдар бакчаларынын директорлору, билим берүү мекемелеринин баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагалары катышышты.

Президиумда биринчи маселе боюнча баяндаманы  билим жана илим  кызматкерлеринин  Кадамжай райондук комитетинин төрагасы А.Момошов жасады.

Отурумда  РПКнын  былтыркы  жылда  аткарган иштери  жөнүндө  А.Момошов  баяндама  жасап  жетишилген  ийгиликтерге   жана  кемчилдиктерге  токтолуп,  аткарылбай калган  иштерди,  кемчилдиктерди   быйыл жоюунун  үстүндө  иш  алып  баруунун  айтып өттү. үстүбүздөгү жылы мамлекетибиз  тарабынан кабыл алынган  «Аймактарды  өнүктүрүү, өлкөнү  санариптештирүү жана  балдарды колдоого алуу» жылына   карата  балдардын  жайкы  эс алуусун  уюштурууда  турмуш шарты  оор,  социалдык  жактан  камкордукка  муктаж  үй-бүлөөлөрдүн  балдарын тартууну  биринчи планга  коюуну  эске салды.

  1. 2020-жыл үчүн  РПКнын  иш планы  жактырылып, бекитилди.  Отурумда  дагы  башка  тийиштүү  маселелер каралып, токтомдор  кабыл алынды,.
  2. Райондук комитеттин Президиумунун күн тартибинде төмөнкүдөй маселелер каралды:
  3. 2019-жылда  аткарылган   иштердин  жыйынтыктары  жөнүндө. А.Момошов
  4. Билим  жана   илим  кызматкерлеринин   профсоюзунун   Кадамжай  райондук  комитетинин  2020-жыл  үчүн   иш  планын  бекитүү   жөнүндө.    А.Момошов.
  5. Пленум,  президиум  мүчөлөрүнө   толуктоолор   киргизүү   жөнүндө.  А.Момошов.    
  6. Кыргыз  Республикасынын  билим  жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун   VII  сьездине   делегат  шайлоо. 
  7. Президиум  мүчөлөрү.

Жарыш сөзгө чыккандар райондук комитеттин 2019-жылда аткарган иштериндеги ийгиликтер жөнүндө айтышып, чечилбей жаткан көйгөйлөр жөнүндө өз сын-сунуштарын, каалоо-тилектерин билдиришти. Билим  берүү  бөлүмүнүн  башчысы   Ж.О.Гайбуллаев жана  башка  президиум  мүчөлөрү  кошулуп  мындан  ары  дагы  жакындан  жардам  көрсөтүшөөрүн  баса  белгилешип, профсоюзга  карата  жылуу   сөздөр  айтылды. Райондук комитеттин 2020-жылда аткарган иштери канааттандырарлык деп табылып, тиешелүү токтом кабыл алынды.

Президиумдун  отуруму   жогорку  денгээлде  өттү.

 

Билим жана   илим  кызматкерлеринин  Кадамжай 

райондук  комитеинин  уюштуруучу  адиси: 

Ажиева  Феруза  Исаевна