Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жыл жыйынтыгы чыкты

2024-жылдын 9-февралында Өзгөн райондук билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин жыл жыйынтыгын чыгарган Пленуму болуп өттү. Пленумда райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы  И.Мырзамидинов үч тараптуу макулдашуу, келишимдердин алкагында социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү, аларда каралган талаптардын аткарылышына жана 2023-жылдагы райондук кесиптик бирлик комитетинин алып барган  иштерин  видео-слайд аркылуу далилдүү көрсөтүп берди. Өнөктөштөр тарабынан кызматкерлерге мыйзам чегинде каралган социалдык жеңилдиктердин берилиши, Салам-Алик, Мырза-Аке айыл  өкмөттөрү тарабынан акысыз жана арзандатылган көмүрдүн таратылышы,  жергиликтүү бюджеттин эсебинен жаш адистерге жөлөк-пулдардын төлөнүшү жөнүндө маалыматтардагы чагылдырылган. Райондук кесиптик бирлик комитети тарабынан билим берүү кызматкерлерине  берилген материалдык жардамдар, кызматкерлердин эс алууларын уюштуруу, райондук деңгээлдеги кароо-сынактардын катышуучуларын жана жеңүүчүлөрүн колдоолор жөнүндө дагы кеңири маалымат берилди.

Пленумда ошондой эле Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан жарыяланган райондук   «Мыкты  өнөктөш айыл  өкмөт -2023»,  «Мыкты   өнөктөш  директор - 2023»,  «Мыкты  баштапкы кесиптик бирлик - 2023» кароо-сынактарынын жеңүүчүлөрү диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Пленумга Ош областтык билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы С.А.Тойгонбаев, Өзгөн райондук  мамлекеттик администрациясынын социалдык маселелер боюнча башкы адиси У.Сагынбаева,  Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Б.Көкөев,  Пленум мүчөлөрү жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын  төрагалары катышты. Ош областтык билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы С.А.Тойгонбаев  өз сөзүндө, кесиптик бирликтердин аткарып жаткан иштерине, алдыга коюлуп жаткан милдеттерге жана райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан 2023-жылы аткарган алгылыктуу иштерге токтолду. Ошондой эле кесиптик бирликтин ишине жигердүү катышкан баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагаларына Ош областтык билим жан илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин Ардак грамоталарын жана баалуу белектерин тапшырды.

 

 Маалыматты даярдаган: Өзгөн райондук билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети