Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жыл жыйынтыгы чыгарылды

Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмүндө 2023-жылы аткарылган иштери жана 2024-жылга карата коюлган иш максаттары боюнча отчеттук жыйын болуп өттү. Ага райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Алмазбек Осмонов, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ч.Бакашева, райондук профсоюздук комитеттин төрөайымы Б.Тыныбекова. райондогу мектеп жана бала бакчалардын жетекчилери катышты.

Айыл өкмөттөрүнүн жергиликтүү бюджетинен бул жылы мектептердин капиталдык жана кезектеги оңдоо иштерине, парта, жазуу такталары, окуу китептери үчүн жеткиликтүү каражат бөлүнүп берилди: Райондук, облустук өнүктүрүү фонддору, кайрымдуулук фонддору, жеке демөөрчүлөр тарабынан бөлүнгөн каражаттарга алгылыктуу иштер жасалды. 2023-жылы 5 мектеп, 2 бала бакча пайдаланууга берилди.

Аким Алмазбек Осмонов билим берүү мекемелеринин жетекчилери менен кеңири пикир алышып, келечек муунга тарбия, билим берүү - өлкөнүн эртеңки келечегине болгон жоопкерчилик экендигине токтолду. Ошону менен катар ата-энелерден акча чогултууга тыюу салуу боюнча маселеге токтолуп, "Мектепте бир гана маселе-сапаттуу билим берүү болушу керек.  Калган маселени биз чечип беребиз, - деди.  "Алтын тамга" артыкчылык аттестатын алган, ЖРТнын жыйынтыгы менен өзү каалаган окуу жайга өткөн окуучуларды чыгарып, билимдүү коомду түзүү милдетин жоопкерчилик менен аткаруу коюлду.

 

Маалыматты даярдаган: Ысык-Ата райондук кесиптик бирлик комитети