Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жыл жыйынтыгы чыгарылды

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук  комитети 2024-жылдын 23-январында жыл жыйынтыгын чыгарган  президиум өттү. Президиумдун жыйынына онлайн форматта Кыргыз  Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин  профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасы Султанбаев. А.Д, райондук   комитеттин мүчөлөрү, райондук текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү, областык комитеттин төрагасы З.Бөтөков, областык комитеттин адиси  Гарали уулу Мансур катышты.

“Райондук комитеттин, билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин  мыйзамдуу укуктарын жана эмгегин коргоодо 2023-жылда аткарган иштери   жана 2024-жылдагы милдеттери жөнүндө” райондук комитеттин төрагасы А.Зайитов слайд түрүндө маалымат берди.

Борбордук комитеттин төрагасы А.Д.Султанбаев онлайн форматта  жыйындын катышуучуларына кайрылып, тармактык профсоюз уюмунун  жүргүзүп жаткан иштери, алдыдагы милдеттер жөнүндө кеңири баяндама   жасады жана кесиптик бирликтин ынтымагы жана биримдиги үчүн бирге   иштешүүгө чакырды. Жыйындын катышуучусу К.Абдраимов атындагы орто  мектебинин директору Тойчуев Сапарбай төраганын ишине ийгилик, ден  соолук каалады.

Областтык комитеттин төрагасы З.Н.Бөтөков райондук комитеттин  ишине ийгиликтерди каалап, алдыдагы милдеттерге токтолду.

Райондук комитет алдыңкы төрага жетекчилерге баалуу белектерди  тапшырды.

Президиумдун жыйыны күн тартибиндеги маселе боюнча чечимдерди  кабыл алды.

 

Маалыматты даярдаган: Баткен райондук кесиптик бирлик комитети