Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жыл мугалими – 2023

Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы Кочкор райондук билим берүү бөлүмү, Кочкор райондук кесиптик бирлик комитети жана Таалайбек Курткаев атындагы фонд биргелешип, Кочкор районундагы мугалимдердин ”Жыл мугалими-2023” конкурсун уюштурушту. Райондо өткөрүлгөн конкурс атайын буйрук менен түзүлгөн калыстар тобу тарабынан бааланып, жеңүүчүлөргө  баалуу жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Гран при - Көкөбай Мамбеталиев атындагы орто мектебинин мугалими Кубатбек кызы Нурзат - ноутбук принтери менен Кочкор райондук кесиптик бирлик комитетинен “Көгүлтүр Ыссык-Көл” пансионатына жолдомо жана I  орунду камсыз кылган - А.Жалпатеков атындагы орто мектебинин мугалими Замибек кызы Элиза - ноутбук, Кочкор райондук кесиптик бирлик комитетинен “Көгүлтүр Ыссык-Көл” пансионатына жолдомо берилди.

Андан сырткары, “Мыкты мугалим” төш белгиси менен сыйланышты. Андан кийинки үчүнчү орундан, сегизинчи орунду ээлеген конкурстун катышуучуларына түстүү телевизорлор, андан кийинки жыйырма төрт катышуучуга ар бирине акчалай сыйлыктар, Ардак грамоталар, Ыраазычылык каттар тапшырылды.

Сыйлыктарды Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин депутаты Таалайбек кызы Жылдыз, Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Табылдиева Чынара, Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бактыгулов Турсунбек, Кочкор райондук кесиптик бирлик комитетинин төрөгасы Табалдиев Зарылбек жана конкурстук комиссиянын мүчөлөрү тапшырышты. Кочкор райондук кесиптик бирлик комитети тарабынан “Көгүлтүр Ыссык-Көл” пансионатына путевка жана катышуучулардын ар бирине акчалай тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган: Кочкор райондук кесиптик бирлик комитети