Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Жыл мугалими-2023” сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Кемин районундагы Э.М.Кашаганов атындагы Ак-Бекет орто мектебинде «Жыл мугалими-2023» кароо-сынагы болуп өттү.

Кароо-сынакка Кемин райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары К.Жетенбаев, райондук билим берүү бөлүнүн башчысы А.Бедельбаева жана Кемин райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрайымы А.Т.Чылабаева катышышты.

Аталган сынакка Актилек орто мектебинин мугалими А.Конокова, Самансур орто мектебинен Омурбек кызы Астра, Жол-Булак орто мектебинен Алмазбек кызы Нурайым жана Тегирменти орто мектебинин мугалими Э.Чимурбаева  катышышты.

Сынактын жыйынтыгы менен “Жыл мугалими-2023” наамына Тарыхбаев атындагы Жол-Булак орто мектебинин мугалими Алмазбек кызы Нурайым ээ болуп, Кемин райондук кесиптик бирлик комитети тарабынан жайкы эс алууга жолдомо берилди.

Ал эми сынактын катышуучуларына мамлекеттик администрация тарабынан акчалай сыйлык, билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамотасы жана Кемин райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан сыйлуу белектер тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Кемин райондук комитети