Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

"Жыл мугалими-2023" сынагы жыйынтыкталды

Ысык-Ата районунда “Жыл мугалими-2023” кароо-сынагы өткөрүлүп, жалпысынан 19 мугалим күч сынашып, ар бири педагогикалык ишмердүүлүгүн көрсөтө алышты.

Аталган сынактын катышуучуларын сыйлоо иш-чарасына Президенттин Чүй областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.Джумагазиев, Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Осмонов, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ысык-Ата райондук комитетинин төрайымы Б.Тыныбекова жана башкалар катышышты.

Сынактын жүрүшүндө байгелүү орундарды камсыз кылган катышуучуларга  райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан атайын сыйлыктар тапшырылды. Алсак, райондук сынакта Н.Баранов атындагы 2-Ново-Покровка жалпы билим берүү мектеп-гимназиясынын мугалими З.Ибраимова I орунду камсыз кылып, автоунаанын ээси болду. II орунду Я.Ваккер атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин мугалими Дүйшөмамбет кызы Назира, ал эми III орунду Кеңеш жалпы билим берүү орто мектебинин мугалими А.Убалканова камсыз кылышып, баалуу белектер менен сыйланышты.

Ошондой эле Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ысык-Ата райондук комитети тарабынан сынактын дагы беш катышуучусу ар кандай номинацияларга ээ болушуп диплом жана сыйлуу белектер менен сыйланышты.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ысык-Ата райондук комитети