Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жыл мугалими - 2023» кароо сынагы

Панфилов районунда ушул жылдын 30–марттан 1-апрелге чейин райондогу жалпы билим берүү орто мектептеринин арасында "Жыл мугалими-2023" райондук кароо сынагы өткөрүлдү.

Сынактын негизги максаты мугалимдердин кесипкөйлүүлүгүн жогорулатуу, таланттуу педагогикалык кызматкерлерди аныктоо, аларды колдоо жана алардын профессионалдык деңгээлин, педагогикалык чеберчилигин аныктоо болуп саналат.

Иш-чара мыкты дегээлде өтүп, Панфилов райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Т.Ашыкеев жана райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрайымы А.С.Абдраимова катышуучуларды куттуктап, жеңүүчүлөргө райондук кесиптик бирлик комитети тарабынан дипломдор, акчалай сыйлыктар жана белектер тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Панфилов райондук комитети