Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Жыл мугалими-2019»

Райондук билим берүү бѳлүмү жана райондук профсоюз комитети тарабынан ишине чыгармачылык менен мамиле кылган, таланттуу мугалимдерди табуу жана аларга колдоо көрсөтүү, мугалимдик кесиптин кадыр-баркын көтөрүү, райондогу мыкты мугалимдердин педагогикалык тажрыйбаларынын алкагында алдынкы иш тажрыйбаларды, идеаларды жайылтуу максатында райондук  «Жыл мугалими-2019» кароо-сынагы ѳткѳрүлдү.  

Гран-Прини  Ак-Жар орто мектебинин башталгыч класстар мугалими Бекбоева Жазгүл ээ болуп райондук билим берүү бѳлүмүнүн Ардак грамотасы жана 10 000 сом,  Биринчи орунду Калыгул Бай уулу атындагы орто мектебинин башталгыч класстар мугалими Аббазова Гүлмадина ээ болуп Ардак грамота жана 5000 сом, Экинчи орунду К.Мамбеталиев атындагы орто мектебинин математика мугалими Райымбек кызы Айчүрѳк жеңип Ардак грамота жана 3000 сом, үчүнчү орунду А.Мааткеримов атындагы орто мектебинин орус тили мугалими Чокоева Наргиза жана К.Темиров атындагы орто мектебинин башталгыч класстар мугалими Шаршеева Жумакүл  ээлеп Ардак грамота жана 2000 сомдон акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Акчалай сыйлыктар  райондук  профсоюз комитети тарабынан каржыланды.

 

Астра Асаналиева

Кочкор райондук билим берүү бѳлүмүнүн

Окуу-методикалык кабинетинин башчысы