Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Жыл мугалими - 2019” Лейлек районунда

Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу мектептердин мугалимдеринин арасында 2019-жылдын 19-март күнү “Жыл мугалими - 2019” конкурсунун регионалдык туру болуп өттү. Регионалдык тур 3 мектептин базасында билим берүү бөлүмүнүн башчысы жана профсоюз уюмунун төрагасынын макулдугу менен бекитилген  жобого ылайык өткөрүлүп, өзүнө мугалимдердин өзүн-өзү тааныштыруусун, ачык сабак өтүүсүн, тесттик суроолорду ошондой эле партфолиосун, ыңгайсыз жагдайдан чыга билүүсүн  камтыды.

Жыйынтыгында 3 мугалим,  “Кара-Булак” орто мектебинин тарых сабагынан мугалими Маанова Самара, “Эгемендүүлүк” орто мектебинин математика сабагынан мугалими Ерматова Акмөөр, “Кыргызстандын 40 жылдыгы” орто мектебинин сүрөт сабагынан мугалими Шамшиев Талант жеңүүчү аталышып, райондук турга жолдомо алышты.

 

Маалыматты даярдаган:

М.Сагалиева