Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Жыл мугалими-2018»

Кадамжай районунда 2018-жылдын 5-6-апрель күндɵрү “Жыл мугалими -2018” кароо сынагы болуп ɵттү. Кароо сынак 2 тур менен ɵтүп ага аймактык турдан тандалып алынган 9 мугалим катышты.  Кароо сынактын 1-туру Халмион айыл аймагындагы Н.Ирисов атындагы орто мектебинин базасында, 2-туру Кадамжай шаарындагы №17 Масалиев атындагы орто мектебинин базасында болуп ɵтүп, иш чарага Кадамжай Райондук Мамлекеттик администрация башчысы-аким Ж.Исаков, райондук билим берүү бɵлүмүнүн башчысы Ж.Гайбуллаев, райондук профсоюз комитетинин тɵрагасы А.Момошов, мектеп директорлору, айыл өкмөт башчылары катышышты.                                                                                               Кароо сынактын максаты мектептерде чыгармачыл, мыкты мугалимдерди табуу, алардын иш тажрыйбасын жайылтуу, алдынкы педагогикалык ойлордун жыйынтыгын түзүү болуп саналат. Сынакка катышкан мугалимдер ɵздɵрүнүн интелектуалдыгын, потенциалдык бийиктигин, таланттуулугун, ар тараптуу чыгармачылыгы менен айырмаланган ɵз ɵнɵрлɵрүн тартуулашты. Мындан сырткары катышуучулар окуучуларга заманбап  сабактарды ɵтүшүп, ɵздɵрүнүн агартуучулук тармагындагы билимдерин жана тажрыйбаларын, маданий кесиптик жɵндɵмдүүлүктɵрүн кɵрсɵтүштү.                                                           

            Кароо сынакты  Кадамжай райондук билим берүү бөлүмү жылдагыга караганда өзгөчө, жаны шарт менен өткөрдү. Теория менен практиканын өзгөчөлүгүн байкоо үчүн БатМУнун Кызыл-Кыя шаарындагы педагогика институтунун өкүлдөрү, билим берүү колледжинен Муратова Латифа, Мадиярова Чолпонай,  Исабаева Айлархан эжекелер калыстар тобунун катарын толуктоодо.                                                                 

Кароо сынактын жыйынтыгы төмөнөгүдөй көрсөткүчтү көрсөттү:

Кадамжай лицейи -  Султанова Кыздархан

Орозбековдун 120 жылдыгы орто мектеби- Чилаева Б.

Солтонов атындагы орто мектеби- Абдибайитова С.

    Иш чаранын жыйынтыгында Кадамжай лицейинин химия мугалими Султанова Кыздархан “Жыл мугалими-2018” кароо сынагынын женүүчүсү аталып, облустук турга жолдонмо алды.                                                                                                                                                Раймамадминстрациясынын башчысы-аким Ж.Исаков сынакка катышып  женуучу деп аталган мугалимге акчалай сыйлык тапшырды. Алдынкы орунду ээлегендер Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Кадамжай райондук комитети тарабынан ардак грамоталар,  баалуу сыйлыктар жана Кɵгүлтүр Ыссык-Кɵл жээгинде эс алуу үчүн  жолдонмолор  менен сыйланышты.