Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Жыл мугалими-2018»

     Кадамжай районунда 2018-жылдын март айында  райондук билим берүү бɵлүмүнɵ караштуу бардык мектептерде аймактык «Жылдын эӊ мыкты мугалими-2018» кароо сынагы ɵткɵрүлүп жеӊүүчүлɵр сынактын райондук туруна катышууга жолдонмо алышты. Кароо сынактын максаты мектептерде чыгармачыл, мыкты мугалимдерди табуу, алардын иш тажрыйбасын жайылтуу, алдынкы педагогикалык ойлордун жыйынтыгын түзүү болуп саналат. Сынакка катышкан мугалимдер  ɵздɵрүнүн интелектуалдыгын, потенциалдык бийиктигин, таланттуулугун, ар тараптуу чыгармачылыгы менен айырмаланган ɵз ɵнɵрлɵрүн тартуулашты. Мындан сырткары катышуучулар окуучуларга заманбап сабактарды ɵтүшүп, ɵздɵрүнүн агартуучулук тармагындагы билимдерин жана тажрыйбаларын, маданий кесиптик жɵндɵмдүүлүктɵрүн кɵрсɵтүштү.                                                     Райондук билим берүү бɵлүмүнүн 2018-жылдын 22-февралындагы  №19/1 буйругуна ылайык кароо сынак райондун бардык аймактарында март айында 1-декадасында болуп ɵтɵт.