Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Жыл мугалими - 2018» кароо-сынагы ɵткɵрүлдү

2018-жылдын 11-12-апрель күндɵрү Ɵзгɵн районундагы М.Нурбаев, К.Раимбеков, А.Калмурзаев атындагы орто мектептердин базасында                «Жыл мугалими - 2018» кароо-сынагынын райондук туру ɵткɵрүлдү.  «Жыл мугалими - 2018» кароо-сынагынын райондук туруна аймактардан алдыӊкы орундарга жетишкен 10 мугалим катышты. Райондук кароо-сынак

2 тур менен ɵткɵрүлүп, мугалимдер «Балдар чыгармачылыгындагы менин ишмердүүлүгүм», «Ɵз предметим боюнча автордук идеям» деген темада жазма иштери, ɵткɵн сабактары, ɵзүн-ɵзү жарыялоосу, чукул суролорго жооп берүү, кесиптик рейтинги, мугалимдин хоббиси деген темаларда тапшырмаларды аткарышты.

«Күлүк күлүктү кɵрсɵ тɵрт туягы тыбырайт» дегендей 2 күндүк сынак жыйынтыкталып, мыктылар алдыга озуп чыгышты. Натыйжада райондук «Жыл мугалими - 2018» кароо-сынагында I орунга Ы.Бектемиров атындагы орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими Айтиева Махабат,

II орунга П.Жолдошев атындагы орто мектебинин башталгыч класстардын мугалими Абылкасымова Элзат, III орунга Ж.Бъкънбаев атындагы орто мектебинин тарых мугалими Чокубаева Зинагүл жетишти.

    Райондук «Жыл мугалими - 2018» кароо-сынагынын жыйынтыктоо бɵлүгүнɵ Ɵзгɵн райондук билим берүү бɵлүмүнүн  башчысы И.Дуйшеев жана билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетинин тɵрагасы И.Мырзамидинов жолдоштор катышып, жеӊүүчүлɵрдү жана катышуучуларды куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалашты.  Сынактын жыйынтыгында тɵрага И.Мырзамидинов райондук «Жыл мугалими - 2018» кароо-сынагынын бардык катышуучуларын райондук билим берүү бɵлүмүнүн жана билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетинин Ардак грамоталары жана баалуу белектери менен сыйлады.