Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жыйынтыктоочу семинар

5-июнь күнү Сокулук районундагы жалпы орто билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кесиптик бирлик уюмдарынын жетекчилерине 2022-2023-окуу жылына карата жыйынтыктоочу отчеттук, мугалимдердин жайкы эс алуусун пландоо жана кийинки жылга коюлуучу пландарды талкулоо семинары болуп өттү.

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сокулук райондук комитетинин төрайымы А.Б.Качкынбаева 2022-2023-окуу жылында аткарылган иштери боюнча маалымат берди. Ошондой эле мугалимдердин жайкы эс алууларын уюштуруу жана ден соолуктарын чындоо үчүн жүргүзүлүүчү иштер боюнча кеңири маалымат берди. Сокулук районундагы жалпы орто билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кесиптик бирлик уюмдарынын жетекчилери менен бирдикте кийинки окуу жылына карата аткарылуучу иштерди талкуулашты.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Сокулук райондук комитетинин төрайымы А.Качкынбаева