Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жыйынтыктоочу иш-чара

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитетинин иш планына ылайык 2023-жылдын 4-ноябрында №14 И.Губкин атындагы орто мектебинде жыйынтыктоочу иш-чара болуп өттү.

Анда Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Т.Ишенбеков, орун басары З.Юлдашева, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Олжобаев, ардагер мугалимдер, баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрага, төрайымдары, директорлор жана социалдык өнөктөштөр катышышты.

Алгач катышуучулар 2016-2022-жылдарда Борбордук комитет тарабынан жарыяланып, өткөрүлгөн кесиптик бирлик кароо-сынактарынын катышуучуларынын ийгиликтеринин көргөзмөсү менен таанышышты.

Иш-чараны Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышанов ачып, 2023-жылда аткарылган иштер жөнүндө маалымат берди.

Райондун акими Т.Ишенбеков билим берүү кызматкерлеринин социалдык-экономикалык, укуктук маселелеринин чечилиши багытында аткарылып жаткан иштерди жогорку деңгээлде жүрүп жаткандыгын баса белгилеп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө 10 - билим берүү кызматкери Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы, 5 -  Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин “Профсоюдун мыктысы” төш белгиси, 8 – Ардак грамотасы, 14 - Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин “Профсоюдун мыктысы” төш белгиси, 11 – Ардак грамотасы, 9 – Ноокен райондук “Билим берүүнүн ардагери” төш белгиси тапшырылды.

Андан сырткары “Мыкты кесиптик бирлик уюму жана төрагасы-2023” райондук кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү жана катышуучулары диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Ноокен райондук комитетинин инспектору Т.Бакиров