Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жумгальский район

Жумгальский район

 

Коронавирусту ооздуктоого кесиптик уюм салым кошууда

 

Дүйнө эли бүгүнкү күндө оор жагдайды башынан өткөрүп жаткан убак. Адамзатынын башына апаат алып келген коронавирус илдети тилекке каршы биздин өлкөбүздү да аралап, илдетке чалынгандардын саны күн санап өсүүсү абдан өкүнүчтүү. Албетте бул куралсыз душман менен курөшүүгө мамлекетибиз бар күчүн жумшап жатат, бирок арабызда кайдыгерликке жол берип, "вааай" деп кол шилтеп коюп адамдардын арасына бул илдеттин жайылышына себепкер болгондор да аз эмес.

Дарыгерлерибиз менен тартип сакчылары тикесинен тик азыркы күндүн коркунучун жок кылууга бар дараметин жумшап турган убакта, билим берүү тармагы кол куушуруп, карантин деп бекинип жатып алган жок. Жакындарына жана айылдаштарына бул оорунун канчалык деңгээлде адамзаты үчүн коркунучтуу экенин,андан сактануу жолдорун, үй-бүлө мүчөлөрү толугу менен үйдөн чыкпай коомго жардам берүүсүн колдон келишинче онлайн режиминде пропагандалоодо. Аны менен катар келечек ээлеринин терең билим алуусуна онлайн режимде иш алып барышып, ата-энелер жана окуучулар менен тыгыз байланыш түзүүдө.

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик уюму коронавирусту ооздуктоо максатында Жумгал районундагы мугалимдерге, тарбиячыларга, техкызматкерлерге жалпысынан 2100 даана медициналык маска жана ар бир уюмду антисептиктер менен камсыздады. Азыркы тапта ар бир жаран колдон келген жардамын өлкөнүн

саламаттыгы үчүн жумшоосу зарыл. Коркунучтуу вирусту тазалык,тартип жана биримдик менен жеңерибизге көзүбүз жетет. Үйүңүздөрдө болуп өлкө саламаттыгына салым кошуңуздар!