Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жумгалда профсоюздар күнү белгиденди

    8- октябрда Жумгал райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик уюмунун баштапкы мүчөлөрүнүн төрайым, төрагалары профсоюздар күнүн белгилешти. Бул саамалыкты райондук комитеттин төрайымы Жамантаева Бегимкан уюштуруп, райондогу профкомдорду майрамы менен куттуктады. Кесиптик майрам майрамдык дасторкон менен гана чектелбестен  профсоюз сыйлыктар менен да сыйланышты.  Муну менен катар райкомитет тарабынан окуу семинар уюшулуп, суроо жооптор алды. Иш менен майрамды айкалыштырып уюшулган  бул иш чаранын катышуучулары майрамдык маанайлары көтөрүлүп, уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришти.