Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жумгалда айымдар арасында спорттук мелдеш болуп өттү

3-5-мартта 8-март Аялдардын Эл аралык  майрамына карата билим берүү кызматкерлери арасында  (эжейлер) волейбол боюнча турнир болуп өттү. Бул мелдешти Жумгал райондук билим берүү бөлүмү жана Жумгал райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик уюму уюштуруп, жогорку денгээлде өткөзө алышты.

Мелдешке  райондун 24 мектебинен 24 команда катышып, мыктылары финалдык мелдешке жолдомо алышып, финалдык оюн  5-мартта  Чаек айылында өткөзүлдү. Мелдештин жыйынтыгында   Мидин Алыбаев орто мектеби  баш байгегенин ээси болуп 6000 сом менен сыйланса,  Таш-Добо орто мектебинин  мугалимдери экинчи орунду   камсыздап 4000 сом , ал эми үчүнчүлүктү багындырган  А.Сулайманов атындагы орто мектебинин мугалимдер жамааты  2000 сом сыйлыкка ээ болушту.  Оюнда мыкты оюн коргогон оюнчулар аныкталып  дипломдор жана белектер  менен сыйланышты. Байге фондусу 16000 сомду түзгөн мелдешти  билим берүү профсоюздук уюму каржылап берди.

            Жаз айынын алгачкы кунундо өткөзүлгөн бул мелдештин катышуучулары уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирип кайтышты.