Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жумгалда педагогикалык кеңешме өттү

14-сентябрда Жумгал районунун билим берүү кызматкерлеринин педагогикалык кеңешмеси болуп өттү.

Кеңешмеге райондун администрация башчысы-аким Ж.К.Матанбаев, орун басары Ф.А.Омуралиева, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Насыбалы уулу Каныбек жана Жумгал районунун билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик уюмунун төрайымы Б.А.Джамантаева катышты. Кесиптик бирлик уюмунун төрайымы өз сөзүндө төмөнкүлөргө токтолду.

Бүгүнкү күнү адамзат коомчулугунун аң-сезими канчалык өстү дегенибиз менен азыркыдай социалдык-экономикалык оор шартта жаш муундун адамдык сапаттарын калыптандырууда татыктуу билим, маңыздуу тарбия берген, башка түшкөн оор мүшкүлгө карабай, күндөн-күнгө өзгөргөн замандын талабын көтөрүп, каражаттын тартыштыгын четке кагып сүйүктүү кесибин аркалап келе жаткан кесиптештерибизге чон рахмат айтамын.

Азыркы заманда интеллектуалдык эмгектин, жогорку технологиялардын баасы өсүп турат. Мезгил окуучулардын, мугалимдердин астына зор талаптарды коюуда. Бүгүн агартуучу болгон билимин, аракетин, күчүн жумшап, үзүрлүү эмгектенүүгө мугалимди шыктандырууга, социалдык абалын бекемдөөгө көңүл буруш абзел.

Урматтуу кесиптештер!

Аракетибизге, изденүүбүзгө жараша сыйга ээ бололу! Аталган багытта үзүрлүү эмгектенүүгө чын ден соолугуңар болсун! 

Сиздер билим, илимиңиздердин үзүрүн балдарыбыз, жалпы өлкөбүз көрсүн!

 

Маалыматты даярдаган: Жумгал райондук КБКнын төрайымы Б.Жамантаева