Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ЖРТ уюшкандыкта өтүп жатат

Бүгүн Кыргызстандын мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн жыл сайын өткөрүлүүчү  жалпы  республикалык тест тапшыруу башталды. Ага Каракол шаарындагы 10 мектептен бардыгы 667 бүтүрүүчү катышууда, иш чара №1 инновациялык , №4 мектеп-гимназияларында өтүүдө.

Санитардык–гигиеналык эрежелерди так аткаруу, окуучулардын  коопсуздугун сактоо максатында  шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, мектеп жетекчилери, мугалимдер  бардык  шарттарды түзүп беришти. ЖРТга келген  окуучулар бет кап менен 1,5 метр аралыкты сактап, температурасын текшертип өтүштү. Бул үчүн ар бир мектепке атайын экиден медицина кызматкерлери бөлүнүп берилген. Бүтүрүүчүлөргө ийгилик каалайбыз!

 

 

Маалыматты  даярдаганКаракол шаарынын КБКнын төрагасы Ж.Касмалиева