Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Жүрөктө жанган кут жылдыз»

    Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаев тарабынан жарыяланган «Ыйман, адеп жана укуктук-маданият жылынын» иш чараларынын алкагында 2017-жылдын 20-сентябрында Кадамжай шаарындагы Жаштык кинотеатрында кыргыз Республикасынын ардактуу айымы, маданияттын мыкты кызматкери, эл агартуунун отличниги, Кыргыз Республикасынын Курортология жана элдик медицина борборунун, Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү акын- Жусупали кызы Салия Айдарованын «Жүрөктө жанган кут жылдыз» аттуу поэзия кечеси менен 60 жылдык маараке аземи болуп өттү.               

   Кечеге Кадамжай раймамадминистрация башчысы-аким Исаков Жаныбек Маматович, акимдин орун басары Токто Ильязова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гайбуллаев Жениш Орозбаевич, райондук профсоюз комитетинин төрагасы Момошов Абдуалим Юнусалиевич, айыл өкмөттөрдүн, мектептердин, бала бакчалардын жетекчилери, жергиликтүү тургундар, поэзия күйөрмандары жана мамлекеттик кызматкерлер катышты.                                                                                                                Кеченин коркун акын Жусупали кызы Салия Айдарованын калемдеш достору, Кыргыз эстрада ырчысы Динара Акулова, Нарын областык драм театрынын артистери ачты. Иш чаранын жүрүшүн акындын китептер жыйнагынын, сыйлыктарынын көргөзмөсү коштоду. Нарын областык драм театрынын артистери акындын чыгармаларын сахналаштырып аткарып беришти. Келген коноктор Жусупали кызы Салия Айдарованын талантына тамшанып, чыгармачылыгына мындан ары дагы ийгилик каалашты.