Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Жүрөгүмдөн оргуп чыккан өнөрүм, Лейлегиме, Чынгызыма арналат ”

2018-жылдын 17-ноябрь күнү Лейлек районуна караштуу Арка айыл аймагындагы  Б.Набиев атындагы орто мектебинде мектептин жетекчилиги тарабынан уюштурулуп, баштапкы профсоюз уюмунун колдоосу менен  “Региондорду өнүктүрүү” жылынын алкагында, ошондой эле, Лейлек районунун 90 жылдыгына, Ч.Айтматовдун  90 жылдыгына, Арка айылынын 60 жылдыгына карата  “Жүрөгүмдөн оргуп чыккан өнөрүм, Лейлегиме, Чынгызыма арналат ” аттуу чакан концерт коштого конкурс   иш чара жогорку деңгээлде өткөрүлүп, мугалимдер окуучуларга билим берүү менен гана чектелип калбастан, өз өнөрлөрүн, чыгармачылыгын окуучуларга тартуулап, окуучуларды элин жерин сүйүп коргоого үндөө максатында Лейлек районунун тарыхы тууралу кеңири маалымат берип, бир кездеги Арка өрөөнү азыркы учурда гүлдөгөн жерге айлангандыгын да айтып өтүштү.

Калыстар тобунун курамын райондук билим берүү кызматкерлеринен, профсоюз уюму, мектеп директорлорунан түзүлүп, конкурстун жыйынтыгында жеңүүчү команда аныкталып, ар кандай номинациялардын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды.

 

 

Материалды даярдаган Марина Сагалиева