Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

"Жүрөгүмдү балдарга арнаймын"

Сүлүктү шаарында мугалимдердин кесиптик майрамы салтанаттуу белгиленип, эмгектин алдыңкыларына сыйлыктар тапшырылды. Салтанаттуу жыйынга Сүлүктү шаарынын мэри Болот Абдыжапаров, Сүлүктү шаардык кеңешинин төрагасы Руслан Жайнаков, Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Назира Джапарова, шаардын бир катар мекеме ишканаларынын жетекчилери, билим берүү мекеме уюмдарынын жетекчилери, алдыңкы мугалим тарбиячылар жана ардактуу эс алуудагы устат мугалимдер катышышты.

Иш-чара Р.Жолбаев атындагы №4-орто мектебинин сахналаштырылган чыгармачыл саламдашуусу жана И.Бектемиров атындагы орто мектебинин сахналаштырылган көрүнүшү менен ачылып, биринчи бөлүгү билим берүү бөлүмүнүн башчысы Назира Джапарованын кутуктоосу менен башталды. Ошондой эле шаар мэри, шаардык кеңешинин төрагасы мугалимдерди "Эл үчүн, мекен үчүн ак кызмат кылып, уул-кыздарыбызга татыктуу билим-тарбия берип, коомго кошуп келе жаткан ардактуу мугалимдер эмгегиңиздер баа жеткис". "Келечегиңди ойлосон мугалимдеринди унутпа" демекчи, колдон келишинче сиздерди ар тараптан колдоого алып келе жатабыз. Сиздер мамлекетибиз кубаттуу болуп, өнүксүн десеңиздер келечек муунубузга мыкты билим беришиңиздер керек. Биз сиздерди майрамыңыздар менен куттуктап, ар бириңиздерге бекем ден соолук, аманчылык, ийгиликтерди каалайбыз."- деп куттукташты.

Иш-чаранын жүрүшүндө бир катар алдыңкы мугалимдер "Билим берүүнүн мыктысы", "Кесиптик бирликтин мыктысы" төш белгилери, министрликтин, Борбордук жана областтык комитеттин, мэриянын, шаардык кеңешинин, билим берүү бөлүмүнүн, "Ардак грамота", "Грамота", "Ыраазычылык кат", дипломдор жана кесип бирликтин шаардык комитетинин баалуу жана акчалай сыйлыктары, кызматындагы чыгармачылыгы, табышкерлиги, тажрыйбалулугу менен айырмаланган мугалим жана тарбиячылар "Жыл мыктысы 2023" наамдары менен сыйланышты.

"Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин"аттуу видео тасма аркылуу көзү өтүп кеткен билим берүүгө олуттуу салымын кошкон устат мугалимдер эскерилип, Ардактуу эс алуудагы Ардагер устат мугалимдерге кесиптик бирлик тарабынан уюштурулган белектер тапшырылды.

Иш-чара билим берүү бөлүмүнүн уюштуруусунда, билим илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сүлүктү шаардык комитетинин колдоосу менен жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Сүлүктү шаардык комитети