Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жүрөгүм менин тоолордо....

              19-январь күнү Бишкек гуманитардык университетинин кызматкерлерине профсоюздук комитети тарабынан бир күндүк тоого  эс алдыруу уюштурулду.  Иш чаранын жүрүшүндө кызматкерлерге ысык тамак берилип эс алууларына жакшы шарт түзүлдү. Ак карлуу Ала-Тоонун койнунда айрымдар лыжа,чана тээп эс алса, кээ бирлери жөн гана тоонун таза абасынан энергия алуу менен алек болушту. Бул саамалыкка жалпысынан 70 кызматкерибиз барып,бир күн болсо да, ден соолуктарын чыңдап, көңүлдүү эс алып келишти. Профсоюздук комитети тарабынан уюштурулган бул иш чарага кызматкерлер ыраазычылыгын билдирүү менен бирге алдыда кылына турчу иштерине да ийгилик каалашты!