Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ЖОЖдор аралык бильярд турнири өттү

21-март «Нооруз» майрамына карата жогорку окуу жайлар ортосунда спорттун бильярд түрү боюнча турнир өттү.  

Ага Ош областындагы 4 университет, атап айтканда, ОшМУ, ОшТУ, ОшМПУ, КӨЭАУ катышып, 45-жашка чейинки жана 45-жаштан жогорку группаларга бөлүнүштү.

Турнирдин жыйынтыгында, 45-жашка чейинки группада 1-орун ОшМУ, 2-ОшТУ, 3-орун ОшМПУ, ОшТУ командалары ээлешти. Ал эми 45-жаштан жогорку группалар боюнча 1-орун ОшМУ, 2-орун Б.Сыдыков атындагы КӨЭАУ, 3-орун ОшМУ, ОшТУ командалары жеңип алышты. 

Жалпы катышуучуларга жана байгелүү орундарды ээлеген жеңүүчүлөргө Ош областтык билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети диплом жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ош областтык комитети