Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Жол кыймылынын жаш тескөөчүсү” кароо-сынагынын райондук туру өткөрүлдү

Ноокен  райондук билим берүү бөлүмүнүн 2020-2021-окуу жылынын иш планына ылайык окуучулар арасында укук бузуулардын, кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктун, жол-унаа  кырсыктарын алдын алуу жана Жол кыймылынын эрежелерин пропагандалоо максатында РИИБ менен биргеликте 2021-жылдын 29-апрелинде Семетей атындагы №15 орто мектебинде “Жол кыймылынын жаш тескөөчүсү» райондук кароо-сынак өткөрүлдү.

Иш-чарага Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси У.О.Шамаматова, Ноокен РИИБ боюнча ЖККК бөлүмчөсүнүн начальниги милициянын майору Э.С.Абдыбапов, жана МАИ кызматкерлери, Масы автоунаа мектебинин директорунун орун басары Б.С.Омуралиев, мугалими Э.Салы уулу катышышты.

Сынака ар бир айыл өкмөттөн жеңүүчү деп табылган мектептердин командары катышышты. Алар: №25 Кызыл-Туу, №30 Б.Дамашев, №6 Арал, №13 Рахманжан, №10 Абдразаков, №17 Кыла, №28 Ч.Айтматов №24 Ө.Каипов, №40 Токтогул атындагы орто мектептери.

Кароо-сынактын жүрүшүндө командалар МАИ кызматкерлери тарабынан берилген ар түрдүү  тапшырмаларды аткарышып, өздөрүнүн сапта жүрүү чеберчиликтерин, Жол кыймылынын эрежелери боюнча билгичтиктерин көрсөтө алышты.

Кароо-сынактын жыйынтыгында  1-орунду  №28  Ч.Айтматов атындагы орто мектебинин “Фара”  командасы, 2-орунду №10 Абразаков атындагы орто мектебинин “ЮИД” командасы, 3-орунду №25 Кызыл-Туу орто мектебинин “Жол сакчысы” командасы ээлеп, райБББнын жана РИИБнын дипломдору жана баалуу белектери  менен сыйналышты, калган командалар сынакка активдүү катышкандыктары үчүн Ардак грамоталар жана белектер менен сыйланышты.

Иш-чара Кочкор-Ата балдар чыгармачылык үйү тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.

 

Маалыматты даярдаган: Ноокен райБББнын адиси У.Шамаматова