Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана министрлердин катышуусунда ОшМУда жаңы эки окуу корпусу ачылды

      ОшМУда 15-март күнү университеттин жаңы кампусунда эл аралык медицина факультетинин жана медицина факультети үчүн жаңы окуу лабораториялык корпусунун ачылыш аземи болуп өттү. 
     Аталган окуу корпустарынын ачылуу аземине Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы Садык Шер-Нияз баштаган бир топ депутаттар, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, жогорку окуу жайлардын ректорлору жана башка бир топ жетекчилер катышышты.
     Салтанатта сүйлөгөн сөзүндө Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева ОшМУда бүгүн чоң саамалык болуп жаткандыгын белгилеп, мындай демилгелерди жүзөгө ашырып, студенттердин билим алуусуна заманбап шарттарды жаратып, билим экспортун өнүктүрүп бир нече окуу корпустарын, клиникаларды салып жаткан жетекчиликке, жамаатка ыраазычылык билдирди. Ошондой эле учурда ОшМУ мындан сырткары мектеп окуучуларына, мугалимдерине, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине түрдүү семинар-тренингдерди уюштуруу, колдоо көрсөтүү жагынан да биринчи орунда тураарын белгиледи.

     Салтанаттын жүрүшүндө Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Жогорку кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз, Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдер куттуктоо сөздөрүн айтып, жамааткы жылуу пикирлерин жолдоду.

«Биз 15 жылдан ашуун билим экспорту менен иштеп келебиз. Бирок чет өлкөлүк студенттерге өзүнчө шарт, өзүнчө мамиле, өзүнчө система түзө албай келгенбиз. Андыктан биз бул ишти астейдил колго алдык. Өзүнчө чет өлкөлүк студенттерге системалуу шарт жаратып, кыргыз билим берүүсүнүн стандарттарын сактаган, бирок студенттер барып иштей турган мамлекеттин да өзгөчөлүктөрүн үйрөтүп окута турган факультет түздүк. Биз мунун менен билим экспортун өнүктүрөбүз жана ал аркылуу университетти эл аралык билим берүү талаптарына ылайык трансформациялайбыз», -деди ОшМУнун ректору К.Исаков.

      Аты аталган окуу корпустарынын кызыл тасмалары кесилип, коноктор окуу кааналары, лекциялык, мультимедиялык залдар, окуу-өндүрүштүк лабораториялар менен жакындан таанышып чыгышты.

        Эл аралык медицина факультетинде билим алып жаткан чет элдик студенттерге тилектештигин билдирген ОшМУнун 16 факультет, 3 институт, 3 колледжинде жыйырмадан ашуун алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келип билим алып жатышкан студенттер жагымдуу маанай тартуулап, маараке менен куттуктап улуттук ыр-бийлерин тартуулашты.

       Эл аралык медицина факультетинин окуу корпусу 46 аудиториядан жана лабораториялардан, 250 орундуу, 2 чоң лекциялык залдан турат. Мында алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келип билим алып жаткан студенттер үчүн 4 кабаттуу окуу имаратында бардык шарттар түзүлгөн.
      Ал эми медицина факультети үчүн жаңы окуу лабораториялык корпусу 26 аудиториядан турат. Бул имарат тиешелүү техникалык каражаттар, лабораторияга керектүү жабдыктар менен камсыздалган. Курулуштар университеттин ички эсебинен каржыланды. 
      Бул кампус Ош шаарынын Түштүк-Чыгышында Ак-Буура дарыясынын жээгинде таза абасы, таза суусу бар, кооз жерде жайгашкан. 
Белгилей кетсек, 2014-2015-окуу жылында университеттин ички каражатынынын эсебинен эки медициналык жана стоматологиялык клиникалар курулуп, колдонууга берилген.