Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДА БИЛИМ БЕРҮҮНҮН АБАЛЫ ТАЛКУУЛАНДЫ ОГПИде КЕЗЕКТЕГИ ОНЛАЙН ЛЕКЦИЯ

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДА БИЛИМ БЕРҮҮНҮН АБАЛЫ ТАЛКУУЛАНДЫ.

ОГПИде КЕЗЕКТЕГИ ОНЛАЙН ЛЕКЦИЯ.

     29-апрель күнү Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда "Бүгүнкү күндө студенттерди кантип окутушубуз керек" деген темада кезектеги конок лекция болуп өттү.

     Аталган лекция окуу жайдын Табият таануу-география факультетинин Биология химия жана жаратылышты пайдалануу кафедрасы тарабынан уштурулуп, ага И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик , Кыргыз улуттук, Талас мамлекеттик, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик, Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университеттеринен жана ОГПИден жетекчилик өкүлдөрү жана окутуучулар катышты.

     Лекциянын коногу И.Арабаев атындагы КМУнун доценти педагогика илимдеринин кандидаты Джунушалиева Калиман Кенешбековна болуп, учурдагы жогорку билим берүү процессиндеги абал, андагы көйгөйлөр жана XXI-кылымдын негизги компетенттүүлүктөрү жөнүндө маалыматтарга токтолду. Мында катышкан жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү да өз ой-пикирлерин билдиришип, кызуу талкуу менен коштолду.

     Ушул саамалыктын алкагында Табият таануу-география факультетинин студенттерине И.Арабаев атындагы КМУнун улук окутуучусу Аида Мадиева “Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган вирустар" деген аталышта конок лекция өтүп, студенттерге вирустун келип чыгуу себептери, пандемия туурасында кеңири маалымат берди.

     Белгилей кетсек окуу жайда учурдагы абалга байланыштуу окуу процессин жөнгө салуу максатында онлайн турдө максаттуу иш чаралар уюштурулуп келүүдө. Бул жолку лекция да ZOOM платформасы аркылуу ишке ашырылды.